Connect with us

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14% деңгээлинде сактап калды

Кыска кабар | 1 Ноя 2022 | 297 | 0

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу аталган банктан кабарлашты.

2022-жылдын 21-октябрына карата маалыматтар боюнча жылдык инфляция ушул эле жылдын сентябрь айындагы 15,5 пайыздан төмөндөп 14,9 пайызды түзгөн.

Керектөө бааларынын учурдагы өсүшү өлкө жогорку деңгээлде импортко көз каранды болгонун чагылдырат.

2022-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында ИДӨ боюнча реалдуу өсүш өткөн жылдагы төмөн базанын таасиринен улам 7,2 пайызды түзгөн. Кыйла жогорку өсүш өнөр жай, айыл чарба менен кызмат көрсөтүү секторунда катталган.

«Улуттук банк инфляцияга түрткү берүүчү тобокелдиктер жөнгө салынганга чейин учурдагы акча-кредит саясатына таянууну улантат. Кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган шартта, Улуттук банк жүргүзүп жаткан монетардык саясатка кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт» , — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк эсептик ченди 10-мартта 10%дан 14%га көтөргөн. Ошондон бери 14 пайыз деңгээлинде кармалып келүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM