Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Жапаров өлкө бүтүндүгүн коргоодо Баткен жергесинде курман болгон Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көрсөткөн эрдигин белгиледи. Алардын үй-бүлөлөрү жана жакындары дайыма мамлекетнин камкордугунда болорун айтты.
Президент мамлекет тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык жана экономикалык жактан колдоо багытында бир катар максаттуу иштер жасалып жатканын ьилдирди.
«Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан баштап кызматкерлердин айлык акылары жогорулатылды. Министрликтин, айрыкча алыскы аймактардагы түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртууга олуттуу көңүл бурулууда. Биз бүт өмүрүн коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган ардагерлерибиздин Мекен үчүн жасаган көп кырдуу эмгектерин дагы унутпайбыз» , — деп айтылат куттуктоодо.