Connect with us

Кыргызстан менен БАЭ биргелешкен холдинг компания түздү

Кыска кабар | 1 Ноя 2022 | 328 | 0

Кыргызстанда Бириккен Арап эмираттары менен биргелешкен холдинг компания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлду.

Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен 1 миллиард 200 миллион АКШ долларына чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталган уставдык капиталы 100 миллион доллары болгон Биргелешкен холдингдик компания уюштуруу боюнча өнөктөштүк мамиле жана расмий келишимдер түзүлдү.

Финансылык ресурстар менен кирүүдөн тышкары, эмират тарап бизнес компетенттүүлүгү жагынан камсыз кылат. Компания жетекчилиги Эмираттардын мыкты ишкерлик тажрыйбаларын колдонуу аркылуу корпоративдик башкаруу принциптеринде иш алпарат. Долбоорлорду иштеп чыгууга жана башкарууга жогорку деңгээлдеги чет элдик менеджерлер тартылат.

Каражат транспорттук-логистикалык хабдар, IT-инновациялары, энергетика тармактары жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы форматтагы биргелешкен эс алуу аймактарын жана жаңы шаарларды түзүүгө, ошондой эле башка өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалары күтүлүүдө.

31-октябрда Абу-Даби шаарында президент Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Алар:

— Кыргызстанда биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу;

— дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза талаптарынан өз ара бошотуу тууралуу меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ноталар менен алмашуу;

-айлана-чөйрөнү коргоо тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму;

— Бишкек шаары жана Абу-Даби шаары ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу;

— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Бириккен Араб Эмираттарынын кибер коопсуздук кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Финансы министрликтери ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандуму;

— Улуттук банк менен Бириккен Араб Эмираттарынын Борбордук Банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму;

— Дин иштери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

 

Copyright © 2017 Maral FM