Биз менен байланышыңыз

Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 31 Окт 2022 | 255 | 0

Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2019-жылдын январь айында дайындалган.

Исаев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Бельгиядагы, Нидерландыдагы, Люксембургдагы, Франциядагы элчиси, Кыргызстандын НАТО жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM