Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын алакасы бекемделет

Кыска кабар | 31 Окт 2022 | 318 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда Абу-Даби шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын президенти, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы алака-катышты өнүктүрүүнүн келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка эки тарапты кызыктырган чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты. Шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян Жапаровду жылуу кабылдап, анын иш сапары натыйжалуу жана ийгиликтүү болоруна жана бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттер ортосундагы мамилелерди чыңдоого жардам берерине ишенерин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы мамилелер өз ара ишенимге жана достукка негизделип, эки элди тарыхый жана руханий байланыштар бириктирип турганын белгиледи.

Ал эки өлкөнүн эл аралык айдыңда эч кандай карама-каршылыгы жок экенин билдирип, Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстандын Жакынкы Чыгыштагы жана Булуң аймагындагы негизги соода өнөктөшү экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров эки мамлекеттин ортосундагы соода көлөмү үстүбүздөгү жылдын 8 айында 69 млн долларын түзгөнүн айтып, ал ар жыл сайын өсүп жатканын, тараптар мындай жакшы динамиканы келерки жылдарда күчөтө алышарын белгиледи.

Ошондой эле ал соода-экономикалык алакадагы башка жакшы саамалыктарды – быйыл БАЭге экологиялык таза этти жана ичүүчү таза сууну экспорттоо башталганын, жакын арада Дубай жана Ош шаарларынын ортосунда түз авиакаттам ачуу мерчемделип жатканын, туризм тармагында сезилерлик өнүгүү бар экенине токтолду.

Президент Садыр Жапаров эмираттык инвесторлорду Кыргызстанда аймактык авиахаб түзүү боюнча долбоорлорду, ошондой эле гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды. Мындан сырткары, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылды.

Садыр Жапаров шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайянды өзүнө ыңгайлуу мезгилде Кыргызстанга иш сапар менен келип-кетүүгө чакырды.

Өлкө лидерлери биргелешип иш алпаруунун күн тартибинин бардык багыттары боюнча өз ара алака-катышты тереңдетүү үчүн жогорку деңгээлдеги жигердүү саясий диалогду улантууга макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM