Биз менен байланышыңыз

Сот департаменти 5,5 млн сомдук чыгымдын ордун толтурду

Кыска кабар | 31 Окт 2022 | 238 | 0

Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мурда аныкталган зыяндын орду толук толтурулду.

УКМКнын маалыматына караганда, 2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик долбоорлордун алкагында сот системасына жалпы 42 млн 835 миң 250 сомдон ашык суммага техникалар сатылып алынганы такталган.

Ошону менен бирге, иликтөөнүн алкагында аталган мамлекеттик органдын жооптуу адамдары жеке баюу максатында компаниялардын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алышып, сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү баасын ашыкча баалашканы аныкталган.

Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, мамлекетке 5 млн 519 миң 170 сом өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, Сот департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM