Connect with us

Өзбекстанда дизель майынын баасы арзандай баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2022 | 576 | 0

Коңшу Өзбекстанда Uzbekistan GTL заводунун өндүрүшү көлөмү арттырылгандан бери дизель майынын баасы бир топ арзандады. Бул тууралуу «Узбекнефтегаз» ишканасы билдирген.

Ушул жылдын 29-августунда синтетикалык дизелдин 1 тоннасы 15 млн 550 миң сумдан 14 млн 504 миң сумга түшкөн. Ал эми 13-сентябрдан тарта 13 млн 897 миң сум болгон. Ал эми азыркы учурда синтетикалык дизель майынын биржадагы баасы бир литри 9930 сум (73 сом).

Учурда аталган завод суткасына 1,5 тонна синтетикалык дизель майын иштеп чыгууда. Ноябрь айында болсо заводдун кубаттуулугун суткасын 3 тоннага жеткирүү каралган.

«Uzbekistan GTL» синтетикалык дизель майы швейцариялык компания тарабынан сертификацияланып, Бельгия, Эстония, Франциянын да сапат текшерүүсүнөн өткөн.

GTL дизели «Евро-4» жана андан жогору күйүүчү майын колдонгон жеңил жана жүк ташуучу унааларга колдонулат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM