Connect with us

Перс булуңундагы алты өлкө кыргызстандыктарды жумушка алууга даяр

Кыска кабар | 31 Окт 2022 | 816 | 0

Сауд Арабиясы жана Перс булуңундагы 6 өлкө Кыргызстандын жарандарын жумушка алууга даяр. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Перс булуңунун өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу боюнча кызматташуу боюнча аталган өлкөлөрдөгү жеке компаниялардын ортосунда макулдашууга кол койду.

«Эмгек министрлиги жарандарыбыздын чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө ишке орношуусун уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурат. Биз жарандарды Перс булуңунун алты өлкөсүндө мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча келишим түздүк.  Алар Сауд Аравиясы, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт жана Иордания» , — деди министр.

Бүгүнкү күндө аталган өлкөлөрдө 815 бош жумуш орун бар. Ошол эле учурда чакырган тарап визаны бекер берип, авиакаттамды төлөйт. Мындан сырткары жумушка баруучу жаран өзүнүн документтин даярдоого байланыштуу чыгымдарды төлөбөйт.

Перс булуңундагы өлкөлөргө ишке орношуу боюнча маалыматты Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунан жана migrant.kg сайттан алса болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM