Биз менен байланышыңыз

Баткендеги чек ара айылдарында жөлөкпул берүү тартиби жеңилдейт

Кыска кабар | 31 Окт 2022 | 243 | 0

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан конуштарда жашаган балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөкпулдарды берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин жөнгө салуучу Министрлер кабинетинин чечиминин долбоорун Президенттин Администрациясына киргизүү тапшырылды.

Мындай тапшырманы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Тажикстандын куралдуу агрессиясынын кесепетинен Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигине Баткен облусунун мектептеринде жана бала бакчаларында өзгөчө кырдаалды эске алуу менен окуу процессин уюштуруу боюнча тийиштүү чараларды көрүүсү, Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан райондорунун студенттери үчүн жеңилдиктерди берүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылды.

Ал эми Улуттук банкка ушул жылдын 18-ноябрына чейин Баткен облусунда катталган жана ишкерлик кылган ишкерлерге коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары тарабынан насыя берүү тартибин жөнөкөйлөтүүчү тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүсү сунушталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM