Connect with us

Аба ырайы: 30-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 29 Окт 2022 | 268 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык эртең, 30-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +11…+16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз  +7…+9 градуска жетет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM