Биз менен байланышыңыз

Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин катчысынын жаңы орун басары дайындалды

Кыска кабар | 29 Окт 2022 | 1361 | 0

31-жаштагы Замир Айылчыев Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин бул кызматта Айдарбек Мамбеткадыров иштеген. Ал ушул жылдын июль айында Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары кызматына которулган.

Замир Айылчыев Эл аралык байланшытар жана экономика багытындагы адис.

Ал Эл аралык Алатоо университетинин экономика жана башкаруу факультетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүн бүтүргөн.

Мындан сырткары АКШ, Түркия жана Сингапурдагы алдыңкы университтетерден аралыктан билим алган.

Буга чейин Эл аралык уюмдарда, Билим берүү министрлигинде министрдин кеңешчиси, Айыл чарба министрлигинде Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы жана Президенттин Администрациясында тышкы саясат бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенип келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM