Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров эртең БАЭге иш сапары менен барат

Кыска кабар | 29 Окт 2022 | 414 | 0

Эртең, 30-октябрда Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоого багытталган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган.

Өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында бир катар документтерге кол коюу мерчемделүүдө.

Жапаровдун бул иш сапары 1-ноябрга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM