Connect with us

Нарматова Ноокатта жер тилке тартыштыгын көтөрдү

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 280 | 0

Бүгүн, 27-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова Ноокат районундагы көпчүлүк айыл аймактарда жер тилкесине муктаж жарандар көп экенин белгилеп, жерлерди трансформациялоо маселесин тез арада чечүүгө чакырды.

«Бир топ айыл өкмөттөрдүн аймагында бир үйдө 3-4төн үй-бүлө жашагандар бар. Үй салууга жер бөлүп берүү айылдагы эң чоң маселе болуп келет. Бул маселени биз 10 жылдан бери көтөрүп келе жатабыз. Бүт документтер даяр, бир гана өкмөттүн чечимине келип токтоп турат. Протоколдук тапшырма берип, жергиликтүү тургундарга жер бөлүп берүү боюнча маселени карап берүүңүздөрдү суранам«, — деди Нарматова.

Ошондой эле аймактарда жашаган көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жөлөкпул алуусунда бир топ маселелер бар экендигин кошумчалады.

Депутат Нуржигит Кадырбеков болсо, чек арага жакын жайгашкан жарандардын көпчүлүгү турак-жайын сатып, башка жакка көчүүнү көздөп жатышканын жүйө келтирди. Муну менен катар чек ара коопсуздугун эске алуу менен Министрлер кабинетин айтылган маселеге көңүл бурууга үндөдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM