Биз менен байланышыңыз

Министр: ЖЭБди Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүү пландалууда

Кыска кабар | 26 Окт 2022 | 167 | 0

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр болборун ушул жылдын күз-кыш мезгили бүткөндөн кийин, тактап айтканда 2023-жылдын апрель-май айларында шаардык мэриянын карамагына өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

ЖЭБди шаардык мэриянын карамагына өткөрүп брүү маселеси былтыркы жылы да көтөрүлгөн.

Маалыматка караганда шаардык мэриянын каражаты жетишсиз болгондуктан, муниципалитет кабыл алууга даяр эместигиг билдирген.

Учурда Бишкек ЖЭБи «Электр станциялар» ААКсынын балансында.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө энергетика тармагындагы карыз 136 млрд сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM