Биз менен байланышыңыз

Жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу эки айга камалды

Кыска кабар | 25 Окт 2022 | 301 | 0

Жекшемби күнү массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун 24-октябрь түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды. Ал Бишкектин №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин болот.

22-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөн. 23-октябрда алаган комитетке кирген 20дан ашуун саясатчы жана жарандык активисттин үйүнө күч кызматкерлери тинтүүгө келгени айтылып, ошол эле күнү ИИМдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында «айрым адамдардын массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган. Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова тинтүү жана камоо учурунда адам укуктары бузулгандыгын айтып чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM