Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров кармалган саясатчы, активисттер боюнча үн катты

Кыска кабар | 24 Окт 2022 | 509 | 0

Президент Садыр Жапаров саясатчы жана активисттердин кармалышы тууралуу «Кабар» мамлекеттик агенттигинин суроосуна жооп берди.

Анда саясатчыларды камоого жеткирбей, диалогго барууга, кеңешүүгө болот беле деген суроо коюлган.

Садыр Жапаров эки жылдан бери баары менен “ийри олтуруп, түз кеңешип” келе жатканын, быйыл жазда иш бөлмөсүндө ондон ашуун бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алып, үч саат бою пикир алышканын айтты.

«Суроолоруна толук жооп бердим. “Жакшы иштер жасалып жаткан экен” деп ынангандай эле болуп кетишкен.

Кемпир-Абад маселеси азыркыдай коомчулукка кеңири чыга электе эле бир катар депутаттарды, анын ичинде Адахан Мадумаровду да Өкмөт үйүнө чакырып, маселени ийне-жибине чейин түшүндүрүп бергем.

Жарым жыл мурда өзүн үйүмө конокко да чакырып: «Адахан мырза, Кыргызстан бирөө эле, ынтымакташалы, мага колуңардан келсе жардам бергиле. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып бергиле», — дегем. Айтылган ойлорго муюп, ынангандай болуп, эки саат отуруп, “достошуп” кетти эле. Бир апта өтүп-өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты.

Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам», — деп айтылат президенттин маегинде.

Жапаров Өзгөнгө барып эл менен жолугуп келгенин, Баткенден баштап Чаткал, Ала-Букага чейин жергиликтүү тургундардан үч жүздөй кишини Бишкекке алдырып, Өкмөт үйүндө баарлашканын билдирген.

Кемпир-Абадда “курултай” уюштургандардын бардыгын бөлүп-жарбай чакырганын, жети саат тынбай сүйлөшкөнүн айтты.

«Түшүнүп эле кеткендей болушат, анан мындай чыгып эле түз кетип жаткан иштерди бурмалаганга өтүп жатышпайбы.

Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер», — деп айыптады өлкө башчы.

Президент мындан тышкары, камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылганын белгиледи.

«Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен. Ар кандай кызмат орундарын ачып, баарына кызмат жеткирсең деле болот. Бирок мамлекеттин ар бир тыйыны менин мойнумда да. Кантип ысырап кылам. 7 миллион элдин алдында ар бир тыйын үчүн жооп беришим керек. Коркок болсом, балким мурдагылардай – 2010-жылдагыдай кылып, пайда-батасы жок министрликтерди ача коюп, «мына сага, министр бол!» деп тынчытып койсом деле болмок. Бирок мен андайга барбайм! Анткени мен корккудай ууру кылган жокмун. Бийликте отурганда ар бир жасаган ишимди 10 жылдан кийин болобу, же 100 жылдан кийин болобу, эл алкыш айткандай кылып жасап кетем», — дейт Садыр Жапаров.

Ал камалгандар боюнча кийлигише албай турганын, укук коргоо органдары жана акыркы чекитти сот чечерин айтты.

«Ошондон кийин гана мага кайрылышса, ырайым берип камактан чыгарууга укугум болот. Мыйзамдуу жолу ушундай».

Кыргызстанда 23-октябрда Кемпир-Абадды коргоо боюнча түзүлгөн жарандык көзөмөл комитетинин мүчөлөрүнүн үйлөрү тинтүүгө алынып, камакка алынды. Айрым журналист жана блогерлер да сурак берди. Бул окуя чоң нааразылыкты пайда кылды.

Copyright © 2017 Maral FM