Биз менен байланышыңыз

Баткен: Үйлөрү өрттөнгөн жарандарга 87,4 млн сом кенемте төлөнүп берилди

Кыска кабар | 24 Окт 2022 | 289 | 0

Тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунда Баткендеги үйлөрү өрттөнгөндөргө кенемте төлөп берүүгө 87,4 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 328 млн 359 миң 780,68 сом чогулуп, анын 87 млн 424 миң 455 сому сарпталды.

Атайын эсепте 245 млн 833 миң 518,65 сом калды (өткөн жылдагы 4 898 192,97 сом суммасындагы калдыкты эске алуу менен).

14-17- сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кыргыз тараптан 63 адам курман болуп, 200гө жакыны жарадар болгон. Ал эми  Тажикстан расмий түрдө 41 адам каза болгонун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM