Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 21 саясатчы, активист кармалды. Тизме

Кыска кабар | 24 Окт 2022 | 280 | 0

Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын 23-октябрдагы маалыматына караганда, 20 адам 48 саатка кармалып, Бишкектеги жана Чүйдөгү убактылуу кармоочу жайларга киргизилген.

Алар:

Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Таалай Мадеминов, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Азимбек Бекназаров, Жениш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Улугбек Маматаев, Чыңгыз Капар, Али Шабдан, Талант Эшалиев, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов.

Ал эми экс-депутат Канат Исаев бир айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Журналист Канышай Мамыркулова милицияга сурак берип чыккан.

22-октябрда Кемпир-Абадды коргоо боюнча жарандык көзөмө комитети түзүлгөн. 23-октябрдын таңында комитеттин мүчөлөрү саясатчылардын, жарандык активистердин үйү тинтүүгө алынып, өздөрүн ички иштер башкармалыгына суракка алып кетишкен.

ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 («Кылмышка даярдык көрүү») жана 278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди.

Абдрахматова Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаардык милициясынын, төрт райондук бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБинин убактылуу кармоочу жайларына киргизилген жарандар менен жолугуп, сүйлөшүп чыкканын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM