Биз менен байланышыңыз

Ташиев Баткенде чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 21 Окт 2022 | 1128 | 0

Бүгүн, 21-октябрда Баткен шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун укук коргоо органдарынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү үчүн кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу, чыр-чатактарды болтурбоо боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле чек ара аймактарында жаралган бардык көйгөйлүү маселелер саясий, дипломатиялык жол менен сүйлөшүү үстөлүндө гана чечилиши керектигин айтты.

«Чек ара маселеси эки мамлекеттин кызыкчылыгын козгойт, буга байланыштуу ар кандай даражадагы чиновниктер да, катардагы жарандар да чек арадагы кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзүүчү шашылыш билдирүүлөрдү жасабашы керек. Бүгүнкү күндө баарыбызга, Кыргызстанга да, Тажикстанга да тынчтык, стабилдүүлүк, эки мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү керек«, — деди Ташиев.

Ал Баткен облусунун жетекчилигине тажик тарап менен кызматташууну бекемдөө милдетин койду.

Кабыл алынган чечимдерди аткарбагандыгы үчүн Баткен облусунун укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM