Биз менен байланышыңыз

Нарында Куланак ГЭСинин курулушуна капсула салынды

Кыска кабар | 21 Окт 2022 | 806 | 0

Нарын облусунун Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушу башталды. Ага 21-октябрда президент Садыр Жапаров капсула салды.

ГЭСтин кубаттуулугу  100 МВт болот деп пландалууда. ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Президенттин айтымында, Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат.

ГЭСтин курулушу жүрүп жаткан маалда миңге чейин жумуш орду түзүлөт, толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу иш менен камсыз болот.

Долбоордун жалпы баасы 124 млн АКШ долларын түзүп, анын  88 млн доллары Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттар тобу тарабынан насыя катары берилет.

Куланак ГЭСинин курулушу менен райондогу Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын 5081 гектар айдоо аянтын сугат суусу менен камсыздоо жакшырат. Мындан сырткары, 2100 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

«Азыр бизде жылына 3 млрд кв/саат электр энергиясынын таңкыстыгы бар. Суунун башында турабыз, бирок ошону колдонуп, отуз жылдан бери бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Эми сала баштадык. Бардык потенциалдын он эле пайызын колдонот экенбиз. Эгер дагы 90 пайызын кошуп колдонсок биз Орто Азия эмес, Европа, Кытайга электр энергиясын сатсак болчудай. Кудай бурса ага да жетебиз», — деди Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM