Биз менен байланышыңыз

Депутат: Бийлик буга чейин чек араны эл менен талкуулаган эмес

Кыска кабар | 21 Окт 2022 | 366 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттин жарандык активисттер менен чек ара маселесин талкуулаганы биринчи жолу болуп жатканын айтты.

Ал 20-октябрда президент менен жарандардын кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча жолугушуусуна катышканын жана жолугушуу кандай өткөнүн айтып берди.

«Делимитацияны кантип жүргүзүү сунушталып жатканын, Кемпир-Абад суу сактагычын кантип биргелешип башкарабыз деп президент түшүндүрүп, көндүрүп, Камчыбек Кыдыршаевич карталарды көрсөтүп берди. Ташиев маал-маалы менен саясий жана жарандык активисттердин билдирүүлөрүн эмоционалдуу кабыл алып, өзгөчө Бекназаровдун видео баяндамасына көңүл бурду.

Активисттер жыйын кандай өткөнүн жарым-жартылай айтып беришти. Бирок мен бир нерсени белгилегим келет. Депутаттык ишмердүүлүгүмдө мындай жолугушуулар болгон эмес. Президенттер жарандар менен чек ара маселесин талкуулаган эмес. Жабык режимде да. Президенттер эл менен жолугушуп жүргөн, бирок чек ара маселеси талкууланчу эмес» , — деди депутат Бекешев.

Президент Садыр Жапаров 20-октябрда Президенттин администрациясынын имаратында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын чек арага чектеш айылдарынын тургундары, активисттер, журналисттер менен жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселе козголду.

Жолугушуудан чыккан көпчүлүк жарандык активисттер бийликтин жооптору ынандуу болбогонун сындашты.

Бийликтин Кемпир-Абад боюнча үчүнчү жабык жыйынында эмнелер айтылды?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM