Connect with us

Бийликтин Кемпир-Абад боюнча үчүнчү жабык жыйынында эмнелер айтылды?

Саясат | 20 Окт 2022 | 1441 | 0

Бүгүн өкмөт үйүндө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кезектеги жыйын өттү. Буга чейин мындай жыйын эки жолу өткөн. Биринчи жыйын 4-октябрда Өзгөн райондук администрациянын жыйындар залында өтүп, ага президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барган. Элдин чогулушту сырттан өткөрүү талабына карабай, бийлик өкүлдөрү акимиаттын жыйындар залында жабык болгон. Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча экинчи жыйын 10-октябрда парламентте жабык өткөн. Анда дагы бир катар депутаттар жыйындык ачык өтүүсүн жана келишимдин долбоорун талап кылышкан. Бирок депутаттарга келишим долбоору боюнча документтер берилген эмес.

20-октябрдагы өкмөт үйүндөгү жыйынга президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, минитсрлер кабинетинин орун басарлары Бакыт Төрөбаев, Эдил Байсалов, Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун акимдери, аталган райондордогу айыл өкмөт башчылары жана Кемпир-Абадка жакын жайгашкан айылдардан 4-5тен аксакалдар келишкен.

Ошондой эле жыйынга оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү, активистер жана журналистер катышты.

Жыйын жабык өтүп, катышуучуларыдын телефон, видео камера, диктафондору киргизилген жок. Аны президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзевдин суранычы менен болуп жатканыдыгы менен түшүндүрдү. Президенттин айтымында, кыргыз-өзбек чек арасы акыркы келишимдин долбоору боюнча 99% Кыргызстандын пайдасына чечилгени турат.

Бул маселе боюнча бүгүн эртең менен дагы Өзбекстандын ТИМ башчысы жана УКМК башчысы келип президент менен сүйлөшүп кетишкен.

Президент ошондой эле бул келишимдин долбоору парламентке ратификация үчүн келген учурда, жалпы коомчулукка ачыкка чыгарын, ага чейин долбоор көрсөтүлбөсүн билдирди.

Жабык жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келишимдин долбоору боюнча баяндама жасады. Ал билдиргендей, түзүлгөн макулдашуунун долбоору боюнча кыргыз-өзбек чек арасында мурда талаш болуп келген төмөнкү жерлер Кыргызстанга өткөнү жатат:

  • Гавасай 12 872 миң гектар,
  • Көк-Серек 105 гектар,
  • Баястан 212 гектар,
  • Унгар-Тоо 35 гектар,
  • Кара-Белес 25 гектар,
  • Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району),
  • Шарихан каналынын башталышынан 19,5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты).
  • Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.

Камчыбек Ташиев жогоруда аталган мурда талаш болуп келген жерлерди Кыргызстанга өткөрүп алуу менен Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер суунун астын Өзбекстанга өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

Ал Кемпир-Абаддын эсебинен мурда талаш болуп турган жерлерди Кыргызстандын пайдасына чечүүгө мүмкүнчүлүк болуп жаткандыгын, бул мүмкүнчүлүктү колдонуп калыш керектигин белгиледи.

Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө ылайык, эки тарап бул чечимге кол койсо, анда Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга көбөйөт.

Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өткөндүгү үчүн,  анын ордуна жогоруда аталган Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алынмай болууда.

Ошондой эле, Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айтты. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүлөт. Анда 1246 гектар жер бошоп, аны кыргызстандык жергиликтүү тургундар колдонот. Эгерде келечекте суу сактагыч турган аймактагы суу агып кете турган болсо, анда ал жерге Өзбекстан ээлик кылып кала берет.

Президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев экөө тең «Кемпир-Абад суу сактагычынын астында калган 4127 гектер жер 1965-жылы эле берилип кеткен экен, биз берип жаткан жокпуз» деген пикирди айтышты.

Бирок Өзгөн районунун тургуну Акыл Айтбаев Кемпир-Абад суу сактагычы 1980-жылы пайдаланууга берилгендигин, ал эми «Өзбек ССРи ошол келишимдин бир дагы милдеттенмелерин аткарбагандыктан, 1974-жылы кыргыз тарап мурда берилген жерлер Ош облусунун аймагында сакталып калынсын» деп токтоп кабыл алынгандыгын айтып, «эгерде Өзбекстан Кемпир-Абадка ээлик кылганда, алар качан эле айланта зым тосуп алышмак» деген оюн айтты.

Кемпир-Абад суу сактагычын куруу макулдашылган кезде (1963 жана 1967-жылдардагы протоколдор) Өзбек ССРи өзүнүн каражатынан жана өздөрүнүн күчү менен Солжээктеги (Левобережный) Кемпир-Абад каналын 219 км (кийин 70 км кыскарган) Бүргөндү массивине (Северный Сох) чейин, узундугу 30 км болгон Өзгөн-Ханабад унаа жолун, Жазы дарыясына көпүрө жана 500 гектар жерди кургатуу үчүн коллектордук-дренаждык системаны (КДС) куруп бермек болгон. Бирок милдеттемелерди аткарган эмес.

Мындан сырткаыры Айтбаев  «Союз учурундагы республикалардын ээлешкен аймактарын тааныйбыз, чек араларын бузбоого кепилдик беребиз…» деген, бардык республикаларда ратификацияланып күчүнө кирген эл аралык декларацияларга (Алма-Ата, Минск, Москва) жана «Достук», «Түбөлүк достук…» келишимдерине (14.03 1991-ж, 24.12 1996-ж, 10.01.1997-ж) ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу тосмонун бир бөлүгү, суу басып турган жердин 90%дан ашыгы Кыргызстанга — бизге таандык жер экендигин айтты. Бул жерлер да, бул жердин алдындагы кен байлыктар да, жердин үстүндөгү суу да, суунун ичиндеги балыктар да, суу тосмонун (плотинанын) бир бөлүгү да, Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин менчиги экендигин айтты.

Ошол эле учурда президент аны документтерге таянып сүйлөөгө чакырып, эгерде Акыл Айтбаевге жеңиле турган болсо, отставкага кете тургандыгын билдирди.

Жыйында бийлик башчылары Кемпир-Абаддан башка маселелери дагы көтөрүштү. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча видео кайрылуусусу үчүн  саясатчы Азимбек Бекназаровду суракка чакыргандыгын , эгерде суркка өзү келбесе күч менен алып келе тургандыгын Камчыбек Ташиев билдирди.  Ошондой эле ал ага каршы саясат жасап жаткан беш-алты адамды көзөмөлгө алып, байкап жүргөндүгүн кошумчалады.

Катышуучулар өзбек тарап келишимди аткарууга канча пайыз кепилдик бар деген суроо салышты. Бийлик башчылары эгер келишимдер аткарылбаса, суу сактагычка Кыргызстандын үч дарыясынан агып келген сууларды Кыргызстандын башка аймактарына буруп, суу жетпей жаткан кургак талааларды иштетүүгө бура тургандыгын айтты.

Ошол эле учурда жыйынга катышуучулар бул келишим долбоорунан башка дагы «Б» варианттын бар-жогуна кызыгышты. Алар «Б» варианты жок экендигин, эгер бул келишим кабыл алынбаса, чек ара маселеси ошол бойдон калаарын белгилешти.

Өзгөндөн келген  тургундар Кемпир-Абад суу сактагычы мурда кандай болсо, ошол бойдон калтыруусун талап кылышты.

Президент Садыр Жапаров катышуучулардын бул долбоордун келишимин колдоп берүүгө чакырып, кыргыз-өзбек чек арасындагы чек араны аныктап бүткөндөн кийин, талаш жерлерди Кыргызстанга өткөрүп алгандан соң, бир жылдын ичинде кайрадан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жерди, Кыргызстандын башка аймагынан ошончо аянтта жер берүү менен алмаштырып берүү сунушун айтты.

Сунуш кабыл алынган жок, Өзгөн районунун тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышууда.

Copyright © 2017 Maral FM