Кыргызстандын мектептеринде күзгү каникул 31-октябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
2022-2023-жылдардын базистик окуу планына ылайык, мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 31-октябрдан 6-ноябрга чейин болмок. Бирок 7 жана 8-ноябрь календарда кызыл дата болуп саналгандыктан мектеп окуучулары 9-ноябрда мектепке барышат.
Ноябрь айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат. 5-6-ноябрь ишемби, жекшемби күнгө туура келет. Ал эми 7- 8-ноябрь Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп белгиленген. Буга байланыштуу 5-6-7-8-ноябрь күндөрү дем алыш болот.