Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия коомдук унаалардын санитардык абалын текшерип жатат.
Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, транспорттун санитардык абалы, айдоочулардын жумуш учурунда жүрүм-туруму, гигиеналык каражаттардын жана беткаптардын болушу текшерилди.
Жол эрежесин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүүлөр берилди.
Бул текшерүү эки жумада бир жолу жүргүзүлөт.