Биз менен байланышыңыз

Транспорт министринин эки орун басары кызматтан кетти

Кыска кабар | 21 Окт 2022 | 485 | 0

Транспорт жана коммуникациялар министринин эки орун басары кечээ, 20-октябрда кызматтан кетти. Бул тууралуу «Ишеним» парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Турганбаев менен транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Марат Өскөмбаев кызматтан кеткен.

Бирок Министрлер Кабинети бул боюнча маалымат бере элек.

«Ишеним» парламенттик фракциясы бүгүн Жарандык Авиация Агенствосунун маалыматын угуп, «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропорторунун ишмердүүлүгү жана «Кыргыз темир жолу» ишканасынын аткарган иштери жана «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча маселелери карап жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM