Биз менен байланышыңыз

Жолдошбек Казакбаевдин «Тоо кайрыктары» аттуу жеке көргөзмөсү ачылат

Кыска кабар | 20 Окт 2022 | 388 | 0

21-октябрда Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Жолдошбек Казакбаевдин 70 жылдыгына карата «Тоо кайрыктары» аттуу жеке көргөзмөсү ачылат. Көргөзмөдө сүрөтчүнүн ушул убакытка чейинки тарткан эмгектери коюлат.

Казакбаевдин негизги темаларынын бири жаратылышка арналган, анын эмгектери кыргыз сүрөт исскуствосунун негиз салуучуларынын бири.

Жолдошбек Казакбаев 1975-жылы Фрунзе көркөм окуу жайын аяктаган. 1992-жылдан тарта Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

«Дүйнө элдеринин искусствосу» эл аралык ассоциациясынын союзунун мүчөсү. Республикалык, Бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышкан.

Эмгектери Япония, Германия, Дания, Түркия сыктуу бир нече өлкөлөрдө көргөзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM