Биз менен байланышыңыз

Лотерея: Автоунааны Таластын тургуну утту

Кыска кабар | 20 Окт 2022 | 606 | 0

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын II утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды. Оюн 1-октябрда өткөрүлгөн.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов жеңүүчүлөрдү куттуктап, лотереянын кыргызстандыктардын салык сабаттуулугун жогорулатууга жана салык жыйноонун өсүшүнө тийгизген оң таасирин белгиледи. Ал жарандарды кассалык чектерди талап кылууну жана лотереяга катышууну улантууга үндөдү.

Лотереянын 2-утушунун байге ээлери өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан катышкан 34 адам болду.

Башкы байге KIA Rio автомобилинин ээси Талас облусунун жашоочусу болду. Ал топтогон 170 билеттин ичинен бири байгелүү болду.

Дагы 9 адам iPhone 13, 9 адам Samsung А33 смартфондорун утушту. Мындан тышкары, 3 муздаткыч, 3 телевизор, 3 микротолкундуу меш, 3 кир жуугуч машина, 3 чаң соргуч өз ээлерин табышты.

Утушка 11 миллиондон ашык билет менен 135 миңден ашык адам катышты. Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен аныкталды.

Лотереянын акыркы үчүнчү утушу 30-декабрда болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM