Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев чек ара боюнча Борбор Азия лидерлерине кайрылды

Кыска кабар | 20 Окт 2022 | 511 | 0

Тажикстан Кыргызстанга карата агрессиясын уланта берсе, Борбор Азиядагы бардык мамлекеттерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин 20-октябрдагы жыйынында айтты.

«Тажикстан даярданып жатканын биздин коопсуздук органдары да билсе керек деп ойлойм. Мен ушул жерден Борбор Азия лидерлерине кайрылгым келет. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чыккан «от» жалгыз эле бизде калбайт, бүткүл Орто Азияны өрттөйт. Жалыны Өзбекстанга, Казакстанга, Түркмөнстанга, Монголияга Каспий деңизинен Иран жана Туран чек араларына чейин жетет. Эки гана мамлекет эмес. Ошол үчүн Орто Азиядагы стабилдүүлүк Кыргызстан менен Тажикстандан башталат. Эгер Тажикстан агрессиясын улантса, бул Путиндин (Орусия президенти) бетине болгон «түкүрүк» болот. Себеби Владимир Владимировия жакында эле аларга орден берди. Сыйлыкты алып анан кайра окоп казып, расмий органдары чагымчылдык уюштуруп жатат» , — деди Балбак Түлөбаев.

19-октябрда Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен облусундагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайга жакын аймакка Тажикстан жарандык автоунаалар менен ок-дары ташып, мечиттерди пайдаланып жатканын билдирген. Тажикстан тарапты мыйзамсыз иш-аракеттерге барууга аракет кылып жатат деп айыптаган.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков тажиктердин аракети боюнча элдин айткандарына бийликти көңүл бурууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM