Быйылкы жылдын башында энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 12,5 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каржылоо 15,5 млрд сомго жетти.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында билдирди.
Анын ичинде, электр энергиясын импорттоого — 9 млрд сом, Камбар-Ата-1 ГЭС курулуш иштерин баштоого даярдык көрүү этабына 1,6 млрд сом бөлүндү. Үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин Токтогул ГЭСинин 4-гидроагрегатын ишке киргизүү пландалууда.
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1,5 млрд куб метрге көп. 2022-жылы өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 16 млрд кВт саатты түзөт. Электр энергиясына болгон керектөөнү камсыздоо максатында Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан Республикасы менен тиешелүү келишимдер түзүлдү.