Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин айлык акысы эки эсе жогорулатылды, ал эми аймакта кызмат өтөөнүн 1 жылы 2 жыл катары эсептелинет.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында маалымат берип жатып айтты.
Анын айтымында, окуянын алгачкы күндөрүндө эле Баткен облусуна керектүү күчтөрдү жана каражаттарды: курал-жарактарды, ок-дарыларды, техникаларды, өздүк курамды, күйүүчү майларды, дары-дармектерди, азык-түлүктөрдү жеткирүү уюштурулган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 19-октябрда парламент жыйынында билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын каза болгон 63 жаранынын 48и аскер кызматкерлери.