Биз менен байланышыңыз

«Тажиктер техникасын топтоп жатат». Депутат элдин айткандарына көңүл бурууну талап кылды

Кыска кабар | 20 Окт 2022 | 1747 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков парламенттин 20-октябрдагы жыйынында Тажикстан менен тынчтыкка келүү тууралуу протоколго кол коюлганына карабай, коңшу өлкө курал топтоп, даярдык көрө баштагандыгы тууралуу маалымат тарап жатканын айтты. Тийиштүү органдар тез арада сүйлөшүү жүргүзүшү керектигин билдирди.

«Менин кабинетиме Баткен облусунун Лейлек районунан даш балдар келишти. Чек арада окоп казып жатышат, даярданып жатышат, оор техникалар алыска кеткен жок деп айтышты. Көрүп жатабыз, видео тасмалар чыгып жатат, унчукпай отура берсек анда эртең эмне болот? Өткөндө да эл ушинтип айтышты, ага көңүл бурбаган үчүн кандуу окуя болуп кетти. Ошол үчүн тез арада маалымат берип коюңуздар, сүйлөшүү жүргүзүү керек» , — деди депутат.

19-октябрда Баткен облусундагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайга жакын аймакка Тажикстан жарандык автоунаалар менен ок-дары ташып, мечиттерди пайдаланып жатат деген маалымат тараган.

УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара аскерлери кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан аймакта мыйзамсыз иш-аракеттерге барууга аракет кылып жатканын билдирген.

Жалдануучуларды даярдоо, ошондой эле курал-жарактардын кампасын даярдоо үчүн тажик тарап исламдын баалулуктарын уратуу менен мечиттерди пайдаланып жаткандыгын талашсыз айкындаган далилдер бар экени кабарланган.

«Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы тажик тарапты кезектеги чыңалуу очогуна алып келе тургудай болгон эки өлкөнүн калкын адаштырууну, жай тургундарды мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого шыкактоону токтотууга чакырат» , — деп айтылат расмий органдын маалыматында.

Copyright © 2017 Maral FM