Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Кара-Балта тоо-кен комбинатына барды

Кыска кабар | 20 Окт 2022 | 201 | 0

Президент Садыр Жапаров Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Маалыматка караганда, заводдун жетекчилиги 2019-жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерин казууга жана иштетүүгө тыюу салууну киргизүү менен комбинат уран концентраттарын кайра иштетүүнү токтоткон.

Негизги цех консервацияланып, бирок бардык жабдуулар сакталып калган. 

Комбинаттын кадрдык потенциалын сактап калуу үчүн 2022-жылдын сентябрынан тартып жаңы өндүрүш – курамында алтын бар рудаларды кайра иштетүү ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө орточо суткалык кайра иштетүүсү 100 тонна руданы эритүү, 500 тоннаны байытуу жана 20 тонна концентратты түзөт. Фабриканы толук өндүрүштүк кубаттуулукта ишке киргизүү 2023-жылдын мартында күтүлүүдө. Шаар түзүүчү комбинат Чүй облусунда 220 адамды жумуш менен камсыз кылат.

Жапаров концентраттардын бардык түрлөрүн кайра иштетүүчү чынжырчаны түзүүнүн келечеги жана Кара-Балта тоо-кен комбинатынын потенциалын жогорулатуу тууралуу маалыматты угуп, комбинаттын жетекчилигине продукциянын эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келишине өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM