Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Кемпир- Абад суу сактагычы боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 152 | 0

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Кемпир- Абад суу сактагычы боюнча пикирин сурады.

Анын айтымында, мамлекеттик комиссия кыргыз-өзбек чек арасы боюнча бардык иштерди толук аягына чейин чыгарып бүткөн.

«Бул 1963-жылы эле башталган. Азыр Өзбекстандын президенти келип, өзбек өкмөтү дагы келип, эки тараптуу саясий чоң чечимге келип жатышат. «Эки элдин ортосунда картада сызыктар болсун, бирок жаңжалдар болбосун» деп атышууда. Эгерде сиздер колдоп берсеңиздер, бул тарыхый чоң чечим болот. Мен жана өсүп жаткан динамиканы көрсөттүм. Бул демографиялык өсүш Кыргызстан тарапка өп жакшы эмес жагдайларды түзөт. Биз канчалык эрте чек ара маселесин бүтүрсөк, ошончолук жакшы болот. Жеке менин оюм боюнча мамлекеттик комиссия колунан келген бүт жумушту жасады. Чек ара маселесинде «биз уттук же тилилер утту» деген түшүнүк болбойт» , — деди Жапаров.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда парламентте билдиргендей, түзүлгөн макулдашуу боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна кенемте катары 18 миң гектар жер алуу пландалууда. Алар Жалал-Абад облусундагы Гавасай тилкесинен 13 300, Ала-Бука жана Оштун Кара-Суу районунан 4 127, Өзгөн районунан 500, Сузак районунан 500 гектар жер беришет. Бирок, анын айтымында, Кемпир-Абаддагы сууну башкаруу үчүн эки өлкө биргелешкен ишкана түзүп, чогуу иштетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM