Биз менен байланышыңыз

Министрдин отчету: Армиянын абалы, ЖККУну ортомчулукка чакыруу аракети

Саясат | 19 Окт 2022 | 798 | 0

Кыргызстандын Коргоо министри маалымат жыйын куруп, саясий-аскердик абал дүйнөдө жана Борбор Азияда курчуп баратканын билдирди. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тынчтык болбой турганын жана эки жак өз позициясында туруп келатканын айтты. Ошол себептен үчүнчү жактын болушу зарыл экенин билдирди. Мындан тышкары, өлкө Беларустан абадан коргонуучу зениттик-ракеталык комплекс алууну пландап жатат. 

Бүгүн Коргоо министри Бактыбек Бекболотов министрликтин бир жыл ичиндеги ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Анда өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн учурдагы абалы жана алардын өнүгүшүнө карата аткарылып жаткан иштер тууралуу сөз болду.

Министр Бактыбек Бекболотов Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась келгенде жолугушканын жана кыргыз-тажик чек арасына ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн коюуну сунуштаганын айтты. Себеби министрдин пикиринде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тынчтык орношу кыйын жана бейтарап жактын көмөгү керек.

«Жамааттык коопсуздук келишим уюму кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кайдыгерлик кылып койду. Эгер ЖККУ өзүнүн ролун катуураак аткарганда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу кагылышка чек койгонго шарты бар болчу. Уюмдун башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстанга келгенде президент, министрлер кабинетини төрагасы жолугушкан, мен да ал жерде болгом. Ошондо ага ЖККУнун бир мүчөсү экинчисине кол салып жатканда эмнеге чукул чара көрүлбөгөнүн биз айттык. Устав боюнча чара көрүлүшү керек эле».

Бекболотовдун маалыматына караганда, ушул айдын аягында өлкөгө абадан коргонуучу зениттик-ракеталык комплекс алып келинет.

Министр Кыргызстандын 6-7 тик учагы учурда чет өлкөдө оңдолуп жатканын, алар жыл аягында бүтөрүн айтты.

«Мурунку жылдан бери биз БелТехЭкспорт менен сүйлөшүү жүргүзүп келгенбиз. Ушул жылы Минскке барып, «Печора-2БМ» зениттик-ракеталык комплексин көрүп келдим. Ал С-125 «Печоранын» модернизацияланган түрү, жаңыланган. Абадан коргонуучу ракеталар жакын арада өлкөбүзгө келип түшөт. Аталган ракеталык комплекс Баткенге коюлуп, чек араны коргойт».

Ушул жылдын октябрь айында аскердик коопсуздукту камсыздоо максатында Балыкчы шаарында Борбордук ремонттук база түзүлдү. Башкача айтканды жаңы аскердик бөлүк ачылды.

Министрдин айтымында, түзүлгөн ремонттук базада бузулган аскердик жабдыктар оңдоп түзөөдөн өтүп, жаңы аскердик унаалар курала баштайт.

«Бир жыл мурун ушул базаны ачуу максатын алдыга койдук эле. Мен Орусияга барып, ал жактын Коргоо министри Шойгу менен жолуккам. Ушул сунушту киргизгенмин. Ошол жерден бул сунуш колдоо тапты. Бир жыл мурун пландап жаткан базабыз ушул жылдын 10-октябарында ачылды. Ошентип Балыкчы шаарында Борбордук ремонттук базаны түздүк. Ал жерде танкаларды, сооттолгон техникаларды, унааларды оңдоп, түзөп кайра ишке беребиз. Ал эми ноябрь-декабрдан баштап ал жакта жаңы унаалар курала баштайт. Газ-66нын жаңы түрү курала баштайт. Анын баарын журналисттер көрүп кайткансыздар».

Буга чейин интернет тармагында Кыргызстанда алгачкы жолу SAARA-02 аталышындагы учкучсуз аппарат чогултулганы айтылып, анын видеосу тараган. Маалыматта SAARA-02 эки жыл аралыгында куралып, Баткенде текшерүүдөн өткөнү жазылган.

Буга байланыштуу министр SAARA-02 учкучсуз аппарат тууралуу маалымат берди.

Ал Кыргызстан учкучсуз аппаратты чогултканы тууралуу маалыматты четке кагып, бирок ошол эле учурда ырастабай турганын билдирди.

«Учкучсуз аппараттарды биз бүгүнкү күндө жапырт кыргын салуучу курал катары көрбөйбүз. Аны үй шартында жер төлөөлөрдө деле балдар жасап жатат. Андайлар Кыргызстандын ичинде көп. Мүмкүн жасалып жаткандыр. Ага бир камуфляждык өң берип, учуруп койсо…андай болгондур. Биз кайсы жакта эмне кылып жатканыбыздын баарын айта албайм. Мен аскер адамымын, мамлекеттик сыр деген болот».

Мындан сырткары министр Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунда кыргызстандык аскер кызматкерлери мекен алдындагы милдеттерин толук аткарганын айтты.

«16-сентябрда болгон бир күндүк окуядагы биздин жоокерлерибиздин моралдык жана психикалык абалын эл көрдү. Бир күндүн ичинде баатырчылык кылып, чегинбестен өзүнүн милдеттерин аткарды. Ошол жерде жарадар жана курман болгондор болду. Ошолордун баары бүгүнкү күндөгү аскердик бөлүктөрдөгү аскерлердин духу деп айтсак болот. Милдетибизди баарыбыз аткардык. Ошондой болбошу үчүн бир жыл ичинде Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүндө 50дөн ашык аскердик техника, 30дан ашык танкалык техника жана 20дан ашык автомобилдик техниканы өз күчүбүз менен оңдоп күжүрмөн катарга койгонбуз».

Маалымат жыйында аскер кызматкерлеринин айлык акысы тууралуу да суроо берилди. Бекболотов жыл ичинде аскер кызматкерлеринин маянасы көтөрүлүп, үстөк акча маселеси да каралып жатканын билдирди.

Жөлөк пулдун өлчөмү 20 миң сомдон 28 миң сомго чейин болушу мүмкүн.

Жаңы эле келген контракттык жоокердин айлыгы 15 миң сомдон 20 миң сомго чейин, офицердики 20 миң сомдон 40 миң сомго чейин.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-августунан тарта аскер кызматкерлеринин маянасы көтөрүлүп, офицердик курамдын маянасы 50%, сержанттык курамдын маянасы 30% көбөйтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM