Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Батыш өлкөлөрүнө көмүр экспорттоо күчөдү

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 605 | 0

Бишкек жылуулук электр борборунда бүгүнкү күндө 253 миң тонна көмүр, 4,2 миң тонна мазут бар. Бул тууралуу парламенттин 19-октябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

Калктын аялуу катмарына 1 тоннадан көмүр акысыз таратылып берилди. Анын ичинен Баткен облусу боюнча 875 үй-бүлөгө 603,8 тонна көмүр таратылууда.

Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, Кыргызстан Борбор Азияда көмүрдүн запасы боюнча экинчи орунда турат. Экспорттук потенциалы чоң. Акыркы сегиз жылда көмүр казуу эки эсе өстү. Жыл сайын 1,5 млн тонна көмүр казылып келген, быйыл 3,5 млн тоннага чейин көмүр казылары күтүлүүдө.

Буга чейин казылган көмүрдүн 30-35 пайызы Өзбекстан, Тажикстан, Грузия, Кытай, Түркияга экспорттолуп келген. Быйыл Чехия, Румыния, Балтика өлкөлөрү да кошулду. Экспорттун 70 пайызы темир жол аркылуу гана ташылат.

«Бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын тогуз айында 2,7 млрд сомго 993,8 миң тонна көмүр экспорттолду. Сатуу жылдагыдан 25% көп болду. Бирок мунун баары Европага чыгып кеткен жери жок. Европага болгону 60 миң тонна көмүр сатылды. Орусия/Украина согушуна байланыштуу батыш өлкөлөрүнө көмүр көбүрөөк чыгарылып жатат. Экспорт Кыргызстандын ичинде көмүрдүн баасына катуу таасир тийгизген жок» , — деди Акылбек Жапаров.

Ал ички рынокту коргоо үчүн автоунаа менен көмүрдү сыртка ташып, сатууга убактылуу тыюу салуу маселеси каралып жатканын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM