Биз менен байланышыңыз

Дары-дармек департаментинин жетекчи орун басары кармалды

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 564 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2020-жылы министрликтин борбордук контролдоо-аналитикалык лабораториясында тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, импорттолуучу дары-дармек каражаттарынын курамынын айрым ченемдери ден соолук үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон тиешелүү чектен ашып кеткендиги аныкталган.

Мындай жагдайларга карабастан департаменттин кызмат адамдары сапатсыз дары-дармектерди тоскоолдуксуз ташып келүүгө шарт түзүшкөн.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык имаратында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Медициналык кызматкерлерге накталай төлөмдөр системасы аркылуу өз продукциясын илгерилетүү үчүн мыйзамсыз маркетинг ыкмаларын жана атаандаштыкты колдонууну тастыктаган «кош эсепке жазуу» бухгалтердик каржылык документтер алынган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган департаменттин директорунун орун басары Б.К. жана башкармалыктын башчысы Т.И. кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда дары-дармек каражатынын курамын жана анын мүмкүн болуучу кошумча таасирлерин аныктоо үчүн зарыл адистерди тартуу жана ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын белгилөө боюнча керектүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM