Биз менен байланышыңыз

Бир айдан бери күттүргөн парламенттеги өкмөттүк күн

Саясат | 19 Окт 2022 | 594 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүк күн уюштурулуп, ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү келип маалымат беришти. Күн тартибине Баткендеги чек ара маселеси, эмгек миграциясы, күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маселелер коюлуп, аткарылып жаткан иштер боюнча өкмөт башчы отчет берди. Анда Баткендеги соңку каргашада жабыркаган 661 үйдү калыбына келтирүүгө 8,5 млрд сомго чейин каражат саптала тургандыгы айтылды. Ошондой эле Жапаров өлкөдөгү инфиляция, антикризистик чаралар боюнча да маалымат берди. Парламенттеги өкмөттүк күндө көтөрүлгөн көйгөйлөргө алдыда кененирээк токтолобуз. 

Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйыны танапистен кийин кызуу уланды. Бир айдан бери парламентке келиши күтүлүп жаткан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү депутаттарга акыркы аткарылып жаткан иштер жана жаралган маселелер боюнча маалымат берүү үчүн келишти. Өкмөт башчысы акыркы Баткендеги каргашалуу окуядан кийин пайда болгон көйгөйлөр жана чек ара маселеси боюнча аткарыла турган иштер боюнча айтты.

«Жоопкерчиликти өзүбүзгө алып чек ара маселелерине чекит коюшубуз керек. Өзбекстан менен Тажикстанда демографиялык өсүү тез болуп жаткандыгын көрүп жатасыздар. Ошол эле учурда Ооганстанда 42 млндон ашык адам жашайт, анын 33%ы тажик улутундагы жарандар экендигин билүү зарыл. Жерге болгон элдин жыштыгы мындан ары дагы күч ала берет. Мындан сырткары тоолу аймактын жашоого ыңгайсыздыгы, элди ойдуңга тыгылышып түшүүгө алып келүүдө. Бул дагы жер тартыштыгын күчөтө берет. Биз баарыбыз ушул жерде отурган депутаттар чек ара маселесин чечип бербесек болбойт. Бул Кыргызстандын кызыкчылыгы дагы, келечеги дагы. Кыргыз-тажик чек арасын чечиш үчүн Орусия дагы өз позициясын билдирди. Москвада Советтер союзу убагындагы карталар, материалдар өлкөлөр арасындагы жер бөлүштүрүү боюнча чечимдердин түп нускалары көтөрүлүп каралат. Аларды тастыктап беришсе, кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууларга бир кадам жакындаган болобуз. Биз тынчтыкты сүйгөн өлкөбүз жана баардык күч аракеттерибизди тынчтык жолу менен чечүүгө жумшайбыз». 

Жапаров аскер кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөрүн, айрыкча, Баткен жана Лейлек райондорунда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин маянасы эки эсе жогору болорун, ал үчүн каражаттын булагын аныктап койгондугун маалымдады.

Өкмөт башчынын айтымында, Баткендеги жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүгө 6 млрддан 8,5 млрд сомго чейин каражат сапталат. Керек болгон учурда дагы каражат табуунун үстүндө иштер жүрөт. Каза болгон аскер эмес 15 жарандын жакындарына 1 млн сомдон берилет. Жараксыз болгон 423 үй асты-үстү бетон жана кыштан салынат. Учурда фундаменти куюла баштады жана курулуш материалдары жеткирилүүдө. Тажик тарап тоук талкалаган Капчыгай менен Досттукка жаңы генплан менен шаарча-айылдар курулат.

Баткен жана Лейлек районунда чек арадагы кол салуудан жабыркаган 250 жарандын насыясы толук кечирилди.

Акылбек Жапаровдун баамында дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи жайлады жана глобалдык инфляция жогорку деңгээлде кармалууда.

«Дүйнөлүк  инфляциянын таасири бизде да болуп жатат. 2021-жылдын декабрына карата инфляция 100, 6%ды түзгөн. Өлкөдө инфляция жогорулап кетпеши үчүн, анын айынан баалар кескин өсүп кетпеши үчүн, кризиске кептелбеш үчүн биз өз убагында антикризисттик планды кабыл алганбыз. Тийиштүү чараларды көрүүгө аракет кылганбыз. Кризис бизге жаңы мүмкүнчүлүктөргө эшик ачып берди. Биз ири суммадагы каражатты антикризисттик планга бөлдүк. Башкалардай болуп кризиске малынган жокпуз. Быйыл тогуз айда ИДП 7, 2%га өстү. Экономиканын секторлору боюнча төмөнкүдөй болду: Өнөр-жайда өсүш 17,1%; Кызмат көрсөтүүдө өсүш 4%; курулушта 4,3%; айыл чарбасында өсүш 6,5%га жетти».

Өкмөт башчы белгилегенгдей, фискалдаштыруу саясатынын негизинде 9 ай ичинде, өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу бюджетке 90 млрд сомго көп акча түшкөн.

Депутат Жанар Акаев Тажикстандын аскердик агрессиясынан улам талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңылары качан курулуп бүтөрүнө кызыкты.

«Баткенде жүздөгөн үйлөр кышка чейин курулуп бүтүшү керек. Ошон үчүн баарыбыз жардам берсек.  Ноябрь болуп калды. Кыш түшкөнгө чейин Баткендеги жарандар үйлүү болобу? Куруп бүткөнгө үлгүрөбүзбү?».

Акылбек Жапаров өкмөт тарабынан болгон шарттар түзүлгөнүн, жаңы жылга чейин курулуп бүтөөрүнө сөз берди.

«Курулушчулар жаңы жылга чейин бүтүргөнгө аракет кылабыз деп жатышат. Эгерде сэндвич панель менен курсак, анда эки айда үйлөрдү куруп, жарандарды үйлөрүнө киргизип коймокпуз. Бирок, жергиликтүүлөр пайдубалын куруп, кирпич менен салып, чатырын жаап бергиле деп суранышты. Азыр талкаланган үйлөр толугу менен тазаланып, ордунда курулуш иштери жүрүп жатат. Курулушчулар эки-үч смен менен иштеп жатышат. Кышка чейин элди үйлөрүнө киргизгенге аракет кылабыз».

Депутат Чыңгыз Ажибаев Баткенде жабыркагандарга компенсация төлөп берүү маселесине көңүл буруп, облустагы социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштерин тездетүүгө чакырды.

Эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев болсо, өкмөт башчынын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын берген жоопторуна нааразычылыгын билдирип, каржаттар боюнча маалыматтардын так берилишин талап кылды.

«Лейлекте, Баткенде учурда канча мектеп курулуп жатат. Канча үй курулуп, канча каражат сарпталып, канча каражат жетпей жатат. Ушулар боюнча депутаттарга маалыматты так беришсин».

Ал эми депутат Камила Талиева Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун Баткен боюнча иштерде кайдыгер мамиле кылып жаткандыгын сынга алып, отчетуна нөл деген баа берди.

«Мен сиздин ушунчалык кайдыгер экениңизге таң калдым. Чек ара чыры болгондон кийин Баткенге 10 күндөн кийин бардыңыз. Акылбек Үсөнбекович, сиздин жообуңузга таң калдым. Чырдын чыгышына эл күнөөлүүбү? Канча бала бакча, мектеп иштебейт, министр буларды жатка билиши керек. Мен өзүм айта алам, бирок эмне үчүн алар билишпейт? Баткен облусуна өзгөчө макам берилгенде каралган 500 миллион сомдун 1 сому да пайдаланылган эмес. Чуркап жүрүп аны бөлдүрдүк, акимдер аны кантип иштетүүнү билбей отурушат. Мына өкмөттүн иши. Координация жок. Кыш келе жатат, элге кыйын болду. Чындыгында ал жерде эч кандай иш баштала элек, Борбордук айылында 16 үйгө траншея казылган. Социалдык объектилер, айыл өкмөттөр турат, ФАПтар турат. Өкмөттүн бүгүнкү отчету нөлгө барабар. Өкмөт мындай отчет менен келбеши керек».

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтылган маселелер боюнча толук маалымат айтылгандыгын белгилеп, өкмөт аткарылышы керек болгон иштер боюнча болушунча иш жүргүзүп жатканын, депутаттарды маалыматты кунт коюп угууга чакырды.

Депутат Шайлообек Атазов Акылбек Жапаровду депутаттын пикирине комментарий бербөөгө чакырып, министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жоопкерчиликтүү болуусун талап кылды.

Ушул тапта Жогорку Кеңеште өкмөттүк күн уланып, депутаттардын суроолоруна өкмөт мүчөлөрү жана өкмөт башчысы жооп беришүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM