Биз менен байланышыңыз

20-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 305 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 20-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык зонасында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,

Нарында түнкүсүн 0…+4, күндүз +6…+11.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +11…+13 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM