Биз менен байланышыңыз

Коргоо министри SAARA-02 учкучсуз аппараты тууралуу айтты

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 550 | 0

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов 19-октябрдагы маалымат жыйында SAARA-02 учкучсуз аппарат тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берди.

Ал Кыргызстан учкучсуз аппаратты чогултканын четке каккан да, тастыктаган да жок.

«Кыргызстандын ичинде көп нерсе өндүрүлөт. Мүмкүн жасалып жаткандыр. Биз кайсы жакта эмне кылып жатканыбыздын баарын айта албайм. Мен аскер адамымын, мамлекеттик сыр деген болот» , — дейт министр.

Социалдык тармакта Кыргызстанда алгачкы жолу SAARA-02 аталышындагы учкучсуз аппарат чогултулганы айтылып, анын видеосу тараган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM