Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баткенде мыйзамсыз ташылган аткезчилик жүк кармалды (видео)

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 163 | 0

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Борбордук айылында Тажикстандан аткезчилик жол менен алынып келинген 2160 бөтөлкө «Ягуар» алкоголдук ичимдиги кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүлүп, анын алкагында, жогорудагы мыйзамсыз аракетке катышкан Кыргызстандын жараны К.А.А. кармалган. Ошол эле учурда кылмышка шектүүнүн дагы бир шериги Тажикстандын аймагына качып кеткен.

Учурда бул факты боюнча процессуалдык документтер түзүлүп, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM