Биз менен байланышыңыз

Быйыл адам сатуу фактысы боюнча беш кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 235 | 0

2022-жылдын бүгүнкү күнүнө чейин адам сатуу фактысы боюнча 5 кылмыш иши козголду. Ал эми өктөн жылы 9 факты катталган. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Абдиев билдиргендей, сокулукка алдап алып барып сатып жиберүү дагы адам сатууга кирет. Түркияга сойкулукка алдап сатып жиберген 2 факты катталган.

«Эки факты алдап алып барып чет өлкөгө сойкулукка сатуу, бирөө чет өлкөгө иштөөгө алып барып, сатып жиберүү фактысы, ал эми калган эки адам сатуу фактысы ымыркайларды сатууга байланышуу», — деди Абдиев.

Парламентте «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору каралууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM