Connect with us

Президент Социалдык коргоо кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 342 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда өлкөнүн социалдык коргоо жана кесиптик кошуун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда социалдык коргоо жана кесиптик кошуун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоо, өлкө жарандарынын эмгекке жана эс алууга болгон укуктарын коргоо боюнча иш-чаралар комплексин аткарууга багытталган мамлекеттик саясатты ийгиликтүү ишке ашыруу социалдык коргоо, социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, кесиптик кошуун тутумунда иштеген миңдеген кызматкерлердин ак ниет жана талбаган эмгегинин натыйжасы деп айтсам жаңылышпайм. Ак ниеттүүлүк менен жасаган ишиңиздерден баар табыңыздар. Ар дайым элдин алкышына арзып, бата-тилегин алып жүрө бериңиздер! Баарыңыздар ден соолукта болуңуздар, мындан аркы ишиңиздерди ийгиликтер коштосун»,  —  деп айтылат куттуктоосунда.

Президент социалдык саясат жүргүзүү жаатында калктын жашоо шартын жакшыртуу жана социалдык коргоо чараларын кеңейтүү, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун арттыруу боюнча көптөгөн иштер аткарылып, жыйынтыгында үстүбүздөгү жылы пенсия жана жөлөкпулдардын көлөмү бир кыйла жогорулагандыгын белгилеп кеткен.

Мындан сырткары эркиндик, адамдын кадыр-баркы жана баарына бирдей мүмкүнчүлүктөр принциптери үстөмдүк кылган шартта Кыргызстан элинин социалдык жактан бакубаттуулугуна жетишүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы экендигин кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM