Биз менен байланышыңыз

Окуу материалдарын «Учкун» мамлекеттик ишканасы даярдайт

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 327 | 0

Президент Садыр Жапаров «Билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Максаты, Кыргызстандын аймагында билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоону камсыз кылуу, окуу материалдарын даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

Жарлыкка ылайык, уставдык капиталындагы 77,36 % үлүшү мамлекетке таандык болгон «Учкун» ачык акционердик коому билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдайт.

Министрлер кабинети окуу материалдарын даярдоодо ушул мыйзамды колдонбоону караган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM