Биз менен байланышыңыз

Мугалим болгусу келген абитуриенттердин саны өстү

Билим-маданият | 18 Окт 2022 | 2780 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, өткөн жылдын октябрынан баштап бүгүнкү күнгө чейин мектептердин саны өлкө боюнча 2 миң 296дан 2 миң 333кө жетти. Башкача айтканда Кыргызстанда бир жыл ичинде 37 мектеп ачылды.

Учурда мектептерде 1 млн 407 миң 447 окуучу билим алууда. Анын ичинде кыргыз тилдүү 1 миң 399, орус тилдүү 247, өзбек тилдүү 28 жана тажик тилдүү 3 мектеп бар.

Билим берүү жана илим министринин орун барасы Надира Жусупбекова мектептерде 839 мугалим жетишсиз экенин кабарлады.

Бирок мугалимдердин жетишсиздиги өткөн жылга салыштырмалуу 2 миң 785тен 839га түштү.

«Башкача айтканда, мугалимдердин жетишсиздиги 3,3 пайызга төмөндөдү. Алсак, Бишкекте 235, Жалал-Абадда 69, Чүйдө 253, Ысык-Көлдө 41, Таласта 30, Нарында 10, Баткенде 113, Ош шаарында 23 жана Ош облусунда 75 мугалим жетишсиз. Мугалимдердин жетишсиздиги боюнча мониторинг октябрдын аягында бүтөрүн айтып, сандар дагы азайышы мүмкүн. Шаарларда информатика, математика, химия жана физика сабактарынын мугалимдеринин таңкыстыгын байкалууда. Аймактарда болсо башталгыч класстын мугалимдери жетишсиз».

Жусупбекова педагогикалык багыттарга тапшырган абитуриенттердин саны 22 пайызга өскөнүн айтты.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча педагогикалык багытка тапшыргандардын эң жогорку баллы 219 балл, орточо баллы 180 болду.

Ошондой эле ал бюджеттик негизде окуусун аяктаган студенттердин көбү эмне себептен кесиби менен иштебей жатканын түшүндүрдү.

«Быйыл 5 миң 138 абитуриент тапшырган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 22 пайызга көп. Ал эми жогорку окуу жайларында педагогика кесибинде бюджеттик негизде окуп аяктаган студенттер менен иштеп жатабыз. Акы төлөп окугандан кийин мугалим болуп иштеп-иштебейби өздөрү чечет. Мындан сырткары, кыздар турмушка чыгып, эркектер аскерге кызмат өтөөсү дагы өз кесиби менен иштебөөгө алып келүүдө».

Быйыл июль айынын аягында өлкө боюнча 966 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланган.

Кыргызстанда мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо ушул жума аяктайт.

Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбордун бөлүм башчысы Рыскүл Маданбекова директорлукка талапкерлигин койгон мугалимдердин көпчүлүгү босого баллдан өтө албай жатканын айтты.

«Биринчи айлампага 2 миң 37 талапкер катышкан. Алардын 625и документтердин толук эмес пакетин тапшырган. Тестирлөөгө 1 миң 412 талапкер өтүп, анын дагы 43ү тестке келген эмес. 1 миң 369 тест тапшырып, 486 талапкер белгиленген босого баллдан өткөн. Экинчи айлампага 655 орунга 1 миң 376 арыз түштү. 21-октябрда Бишкек жана Ош шаарларында, 22-октябрда Баткенде директорлорду тандоо үчүн тест өтөт. Баткенде чек арадагы окуяга байланыштуу тестирлөө жылып калган».

Эми авариялык абалдагы мектертер тууралуу айтсак, алардын саны 245ти түзөт. Баткендеги мектептерди оңдоого 15 млн сом бөлүп берүү маселесин Каржы министрлигине карап чыгуу сунушталган.

Мындан сырткары бир жыл ичинде кесиптик билим берүү тармагында окуган студенттер үчүн бир канча шарттар түзүлүүдө.

Министрдин дагы бир орун басары Расул Авазбек уулу быйыл 92 кесиптик окуу жайына биринчи жолу онлайн экзамен алуу системасы киргенин айтат.

«Башталгыч кесиптик билим берүүдөн баштай турган болсок, бизге жакынкы арандан бери дуалдык окутуу деген система ишке кирди. Дуалдык окутуу деген 50 пайызы окуу жайда, 50 пайызы жумуш ордунда окуу практикасы. Теорияны эле окуй бербестен, практиканы көбүрөөк ишке ашырганга жардам берет. Быйыл биринчи жолу 92 кесиптик окуу жайга онлайн системаны киргиздик. Алар биринчи жолу мамлекеттик экзамендерди кабыл алууда колдонулду. Ошондой эле быйыл алгачкы ирет кесиптик башталгыч билим берүү системасында окууга онлайн кабыл алуу системасн кирди».

Министрлик алдыда окуу методикалык кабинеттердин штатын көбөйтүүнү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана мигранттардын балдары билим алышы үчүн мамлекеттик үлгүдөгү документти берүүчү «Электрондук мектепти» түзүүнү пландап жатат.

Муну менен катар «Көп профилдүү, түзөтүүчү жана өнүктүрүүчү педагогика Борбору» долбоорун ишке ашырат.

Ошондой эле министрлик өлкөнүн 1200 мектебине 24 миң 168 компьютер сатып алууну көздөп жатат.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM