Биз менен байланышыңыз

Жапаров Орусиядан кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн чечүүнү өтүндү

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 407 | 0
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмов менен жолугушту. Анда тараптар миграция жана маалымат чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү маселесин сүйлөшүшкөн.

Акылбек Жапаров 2015-жылы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киришинин негизги артыкчылыгы — мигранттар үчүн Орусиянын аймагында уруксат кагаздары жок иштөөгө мүмкүнчүлүк болгонун белгиледи.

Бирок бүгүнкү күндө мекендештердин Орусиянын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштырууда кыйынчылыктар болуп жатканын айтты. Жапаров Олег Храмовго Орусиядагы кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары белгилегендей, миграция маселелери боюнча ведомстволор аралык кызматташуунун алкагында аракеттенүүнү улантуу макулдашуусу бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM