Биз менен байланышыңыз

19-октябрда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 275 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 19-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +9…+14,

Нарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +11…+13 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM