Биз менен байланышыңыз

Шакиев парламенттин ишиндеги бюрократияны жоюуну талап кылды

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 387 | 0

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын бөлүм башчылары жана орун басарлары менен жыйын өткөрдү.

Анда ал парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүн күчтөндүрүү, «Парламент» радиосунун ишин жандантуу керектигин айтты.

Жогорку Кеңеште ар бир кабыл алынган мыйзам, токтомдор жана чечимдер өлкөнүн келечегине кызмат кылышы үчүн сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Төрага мыйзам долбоорлорунун түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалып, орфографиялык, стилдик, пунктуациялык жана башка каталарга жол бербөөгө чакырды.

Ошондой эле документ жүгүртүүлөрдү электрондоштуруп, бюрократияны жоюунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM