Биз менен байланышыңыз

Марат Иманкулов мигранттар тууралуу маселе көтөрдү

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 530 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмов менен жолугушту.

Анда коопсуздук боюнча кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын абалы, аны чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жана аны жөнгө салуунун келечеги да талкууланган.

Марат Иманкулов Кыргызстандын жарандарынын Орусиянын аймагында жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерине кеңири токтолгон. Миграциялык каттоонун жол-жобосун өркүндөтүү, ошондой эле кыргызстандыктардын Орусияда укуктук статусун жөнгө салууга тоскоолдук кылган себептерди жоюу боюнча көмөк көрсөтүү зарылдыгы айтылды.

«Кыргыз тараптын Орусияда эл аралык жана улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулугуна мүмкүн болгон чектөөлөр тууралуу тынчсыздануусу жеткирилди. Кыргызстандын жарандары Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде болушу мүмкүндүгүн эрте, көз карандысыз жана аралыктан текшерүү механизмин иштеп чыгуу боюнча сунуштар киргизилди. Кыргыз тараптын Россиянын аймагынан чыгаруу шарттарын бир аз жумшартуу боюнча каалоолору белгиленди» , — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM