Биз менен байланышыңыз

Ошто жаңы 50 автобус эки күндө каттамга чыгат

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 281 | 0

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып алып келинген 50 автобусту расмий тапшыруу иш-чарасы өттү. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев, «СамАвто» автозаводунун Орто Азия өлкөлөрүнө экспорттоо тобунун башчысы Азиз Нишанбаев, автобустардын айдоочулары жана тургундар катышты.

Мэр өз сөзүндө Ош шаарындагы коомдук траснпорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү багытында мэрия натыйжалуу иштерди жүргүзүүнү уланта турганын белгиледи.

«Шаардагы коомдук транспорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча Ош шаарынын мэриясы ички жана сырткы инвесторлор менен ыңгайлуу шарттардагы долбоорлорду ишке ашыруу жаатында тиешелүү жумуштарды такай жүргүзүп келет. Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду менен алып барылган жумуштардын натыйжасында шаарыбызга Өзбекстандын Самарканд шаарындагы «СамАвто» автозаводунун өндүрүшүндөгү ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү 50 бирдик автобус сатып алынган», — деди мэр.

Калаа башчы билдиргендей, автобустар күйүүчү майды аз сарптагандыгы, техникалык мүнөздөмөсүнүн жөнөкөйлүгү жана баасы дагы жөндүү болгондугунан улам ыңгайлуу болууда.
Белгилей кетсек, автобустардын баасы 37 миң доллардан бааланган. Автобустардын ар бири 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Эки күн ичинде бул автобустар линияга чыгарылат. Ал үчүн шаардын төмөнкү аймактарына 4 жаңы шаардык маршруттук линиялар иштелип чыкты: Жапалак айыл аймагы, Туран жана Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктары.
Автобустардын жол акысы накталай төлөм учурунда 10 сом, накталай эмес электрондук төлөм жүргүзсө 8 сом деп белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM