Бүгүн, 18-октябрда Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Талды-Булак жайлоосунда чыккан өрттү өчүрүү иштери уланат.
Кечээ башталаган өрттү өчүрүүгө райондогу өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 10, Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 6 куткаруучу жана кошумча күч катары токой чарба кызматынан 15 кызматкер тартылып, кол менен өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүп, өрт чектөөгө алынган.
Кеч киргендигине байланыштуу, өрттү өчүрүү иштери токтотулган.